Буга чейин Жалал-Абад облусунда №2027 аскер бөлүгүнүн ыкчам кызматынын 21 жаштагы жоокери нөөмөттө турган кезде өзүн-өзү көкүрөккө атып, ооруканага түшкөнү кабарланган.
Аталган жоокер 2021-жылы жаз айында аскердик кызмат өтөө үчүн барган.
SUPER.KG порталы жоокердин апасына байланышканда буларга токтолду: "Мен айта турган сөзүмдү чоңдорго түшүндүрүп айттым. Балам аскерге өз ыктыяры менен барган. Балам тартиптүү, мен аны жигиттик милдетин аткарып кызмат өтөп келсин деп жакшы ниетте жөнөткөм. 6 айдай жакшы эле кызмат өтөп жүргөн. Башка деле эч нерсе жок.
Баламдын ичинде эмне ой бар экенин билбейм, мисалы психологиялык жагын да билбейм. Баламдын ден соолугу мага керек, силер мени түшүнбөйсүңөр", - деп сөзүн жыйынтыктады апасы.
Ал эми Ноокен райондук ооруканасынын дарыгерине байланышканыбызда, жоокердин абалы жакшы экендигин билдиришти. Ошондой эле жоокер Оштогу аскердик госпиталга которулуп жатканын, дарылануусун ал жактан улантары кошумчаланды.
Эске салсак, Мамлекеттик чек ара кызматынан жоокер кызмат өтөгүсү келбегендиктен, аскер бөлүктөгү психологдун көзөмөлүндө болуп келгенин, ал аскерден кетүү максатында ушундай кадамга барганын билдиришкен.