"Алдоо жолу менен ишенимине кирген". Бишкекте алдамчылык фактысына шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-август күнү Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү Кулиев көчөсүнөн арыз ээсинин баласынын ишенимине кирип, баасы 22 миң сомду түзгөн Xiaomi PОСО X3 үлгүсүндөгү телефонун ээлеп алып, изин жашырып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган М.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ленин райондук соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга СИЗО-1ге камакка алынган. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан