"Бул мурастар сакталууга тийиш". ЮНЕСКО Ооганстандагы эстеликтерди коргоого чакырат

Бириккен улуттар уюмунун билим берүү, илим жана маданият тармагынын (ЮНЕСКО) адистештирилген мекемеси эл аралык кесиптештерин Ооганстандагы маданий мурастарды коргоого чакырды. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынын өкүлү Том Малардын берген билдирүүсүнө таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, уюм Кабулдагы улуттук музейди, Газнидеги Ислам искусствосунун музейин жана эстеликтерди сактоого чакырды. Мындан тышкары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Бамиян өрөөнүндөгү маданий ландшафт, Жемдеги мунара жана археологиялык жайлар кирет.

"Ооганстанда табылган ар түрдүү жана тарыхка бай мурастар бүткүл адамзат үчүн өзгөчө баалуулукка ээ. Бул мурастар сакталууга тийиш", - дейт Том Малар.

Эске салсак, буга чейин "Талибан" кыймылы Ооганстанга толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Аны менен катар бийликке келген талибдердин алгачкы жарлыктары интернет тармактарында жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан