Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип анын бир тууган агасы кармалган. Бул иш июнь айында тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө соттук отурумдар уланууда.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 17-мартында Мурас-Ордо жаңы конушунда турак үйдөн жаш баланын жансыз денеси табылган. Анда өспүрүм бычактан жаракат алып, киши колдуу каза болгону аныкталган. Каза болгон бала 2008-жылы туулган М.А. аттуу бала экендиги жана эпилепсия менен жабыркап жүргөнү белгилүү болгон. Анын жанында дайыма бир адам болушу керектиги, окуя болгон күнү балдардын ата-энеси жумушка кетип, маркумду 17 жаштагы агасы карап калганы маалымдалган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип, каза болгон 13 жаштагы өспүрүмдүн 2004-жылы туулган бир тууган агасы кармалып, эки айга СИЗО-1ге киргизилген. Ал алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун, окуя иниси экөөнүн пикир келишпестигинен улам болгонун айтып берген.
Окуя болгон жерден кан болгон жаздык, одеяло, ашкана бычагы, аялдын капчыгы, спорттук шым далил буюм катары алынган.
Ал эми маркум баланын апасы окуянын чоо-жайын айтып, анда ал Сыймык аттуу баласы инисин өлтүрүшү мүмкүн эмес экенин билдирген болчу.