"5 адам өтө оор абалда". Кубакыда 7 адамдын өмүрүн алган кырсыктан жабыркагандарга Бишкектен хирургдар барды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, 5 адам, кийинчерээк каза болгондордун саны 7ге жеткени маалымдалган. Азыркы учурда 5 адам өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кочкор райондук жалпы практикалык борборунун директору Туратбек Жумабеков билдирди.

"Башында 19 жүргүнчү ооруканага келип түшкөн. Алардын экөө бул жакта каза болду. Азыр 5 адам өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын арасында Спринтердин айдоочусу дагы бар.

Ал эми 8 адам хирургияда жатат. Бизге кечээ, 17-августта Бишкек шаарынан хирургдар келип, түнү менен жабыркаган жарандарды карашты. Нарын облустук ооруканасынан дагы келишти. Ошондо дагы 4 адам Балыкчы шаардык ооруканасында жатат. Биз колдон келген жардамыбызды берип жатабыз", - деди Жумабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан