"Гранатасынын шайманы жарылып кеткен". Баткенде жоокер жаракат алды

Баткен облусунун Айдаркен аймагындагы "Бел" чек ара заставасында жоокер колунан жаракат алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 16-августта саат 13:35 чамасында болгон.

"Аталган чек ара заставасынын №2023 аскер бөлүгүндө курал-жарактарды текшерүү учурунда А. уулу А. аттуу жоокердин гранатасынын шайманы жарылып кеткен. Натыйжада жоокердин колуна сыныктары тийген.

Учурда абалы жакшы. Айдаркен шаарынын ооруканасында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, кайра заставага жөнөтүлгөн", - деп билдиришти аталган кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан