Гаитидеги жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2 миңге жакындады

Гаитидеги жер титирөөдөн улам каза тапкандардын саны 1941 адамга жетти. Ал эми 9 миңден ашык жаран оор жаракат алган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жарыялашты.

Эске салсак, 14-августта күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Пети-Тру-де-Нип аймагынан 8 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кийинчерээк аталган аймакта кайрадан күчү 5,2 баллга жеткен жер силкинүү орун алган.

Жаратылыш кырсыгынан улам Гаитинин премьер-министри Гаити Ариэль Анри өлкөгө 1 айлык өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан