Бишкектин Көлмө конушунда канализация курулууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, учурда Көлмө конушундагы Кулиев көчөсүндө канализациянын курулуш иштери башталды.
"Канализация тутумуна 30 үй туташат. Анын узундугу 445 метрди түзөт. Курулуш иштерин күз мезгилинде аяктоо пландалууда", - деп жазылат маалыматта.