Биз социалдык тармакта

Токтогулда төрөп ымыркайын дааратканага таштап салган 18 жаштагы жаш эне зордукталганын айтып чыкты

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда наристесин дааратканага таштаган 18 жаштагы кыз зордукталганын айтып чыкты. Бул тууралуу аталган райондогу социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө, балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Чынара Борошовага байланышканыбызда айтты.

"Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Биз кызга барып абалын сураганда апасы жанында экен. Кыз азыр баланы эмизип жатыптыр. Апасы менен дагы сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Апасынын айтымына караганда, наристени карамагына алышат.

Кыз Бишкектеги колледждердин биринде окуйт. Тартиптүү эле кыз экен. Ал зордукталганын, апасынан коркуп айтпай жүргөнүн билдирди. Ал эми зордуктаган адам тууралуу эч нерсе айткысы келген жок.

Кыздын апасы экинчи жолдошу менен айылдын четинде (мектептен алыс) жашагандыктан, кыз айылда таежеси менен жашаган.

Апасы кызды катуу кармаганын айтты", - деди Борошова.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда белгисиз жаран дааратканага жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткени тууралуу кабарланган. Андан соң наристенин апасы табылган. Эки күн жаш эне наристеси менен Токтогул райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө дарыланып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazira...
2021-08-18 16:06:31
Кудайым жараткандарыңды өзүн сактаа бул жалган дүйнөнүн жамандыктарынан. Балдарыбызга ыйман, ынсап, мээрим бер.
+7
SHaidulda
2021-08-18 16:16:02
Зордукталдым дегенден башка созу жок да не кылсын
+4
Sajakat14
2021-08-18 16:45:42
SHaidulda, сын такпайлы. Ар кимдин башына түшүп калышы ыктымал.
+7
SHaidulda
2021-08-19 00:20:47
Sajakat14,тура айтасын кудай сактасын балдар кыздарымды сын таккым келбейт бечара ата энеси зордукталыптыр кызым дегенден башка айласы жок да зордуктаган баланы, айткысы келбегенине караганда оз эрки менен эле болгон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан