
Ош облусундагы Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 17-август күнү Кара-Суу районунун Правда айылында жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычына 23 жаштагы Э.А. аттуу жаран чөгүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Бүгүн, 18-август күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 09:15те ӨКМнын Өзгөн райондук куткаруу бөлүмүнөн 2 куткаруучу, республикалык куткаруу отрядынан 5 куткаруучу, жалпы 7 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин жыйынтыгында саат 15:12де куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген", - деп билдиришти аталган министрликтен.