Талибдер Ооганстандын Нангархар провинциясындагы өлкөнүн улуттук желегин колдоо митингине чыккан жарандарга ок чыгарышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Баш аламандык учурунда чыгарылган октон улам 2 адам каза таап, 12 адам жаракат алганы кабарланды.
Буга чейин Ооганстанда талибдерге каршы аялдар да митингге чыкканы маалым болгон.
Эске салсак, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.