Буга чейин Чүй облусунун Москва районунда атасын өлтүрүүгө шектүү жаран милицияга өзү келгени тууралуу жазганбыз. Ал СИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы шектүү жарандын баш коргоо чарасы 13-август күнү Чүй облустук соту тарабынан каралып, 2 айга камакка алуу чечими кабыл алынган.
Окуянын чоо-жайы:
12-августта Москва райондук милициясына Петровка айылынын 30 жаштагы А.Б. аттуу тургуну кайрылып, өзү кылган күнөөсү тууралуу айтып берген. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Петровка айылындагы үйлөрдүн биринде атасы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам уруш чыгып, анын денесине жаракат келтиргенин, атасы алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгонун билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене "ден соолукка оор зыян келтирүү" менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип 1991-жылы туулган А.Б. камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.