Коңшу Тажикстандын бир топ аймактарында күйүүчү майга болгон баа кескин жогорулап, айрым май куюучу жайларда бензин, ал тургай газ дагы калбай калды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Тажикстанда АИ-92 маркасындагы 1 литр бензиндин баасы 10 сомони (74 сом 10 тыйын) жана газдын баасы 7,2 сомониге чейин (53 сом 35 тыйын) кымбаттаган. Ошол эле учурда айрым аймактардагы күйүүчү май куюучу жайда бензин калбай, айрымдарында кезекке тургандар көп болууда.
Буга байланыштуу Тажикстандын ичинде жол кире кымбаттаган.
Орусиядан жана Казакстандан Тажикстанга күйүүчү майды мыйзамдуу түрдө ташып келип жаткан күйүүчү -майлоочу материалдарды жеткирүүчүлөр, бензиндин баасынын көтөрүлүшүнө Кыргыз өлкөсү менен чек аранын жабылышы түрткү болгонун айтышкан.