Хабиб Нурмагомедов UFC'нин акцияларында үлүшү бар экенин ачыктады

UFC'нин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов промоушендин акцияларынын бир бөлүгүнө ээлик кыларын ачыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, орусиялык журналист маалымат жыйында ММА мушкерине UFC уюмунун акцияларын сатып алуу сунушу берилгенби деп сураган. Буга жооп катары Нурмагомедов "UFC'де экендигин" айткан, анткени ал промоушенде чоң перспективаларды көргөн.

Нурмагомедов бул маселени UFC'нин башчысы Дана Уайт менен талкуулаганын айтып, "кичинекей болсо дагы ал жактын бир бөлүгүнө ээлик кылам" деп түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан