Кыргыз өлкөсү ооган элине азык-түлүк түрүндө жардам жөнөтөт

Ооганстандагы акыркы кырдаалга байланыштуу Кыргыз өлкөсү азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул туурасында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцерди жана АКШ миссиясынын башчысынын орун басары Соната Колтерди кабыл алганда билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, Руслан Казакбаев казак тарап менен биргеликте Ооганстандан 15 Кыргыз жаранын коопсуз түрдө эвакуациялагандыгы үчүн америка тарапка ыраазычылык билдирди. Сирия менен Ирактан кыргыз балдарды жана аялдарды биргелешип эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн издөө маанилүү экендиги белгиленди.

"Министр өлкө башчы Садыр Жапаровдун Ооганстандын көп улуттуу элине зарыл болгон гуманитардык жардам көрсөтүү тапшырмасы тууралуу маалымат берди. Абал турукташып, аба кемелеринин коопсуздугуна байланыштуу керектүү азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам жөнөтүү жөнүндө жарыяланды", - деп айтылат билдирүүдө.

Кызматташуу жөнүндө негизги келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун башка артыкчылыктуу багыттары өзүнчө талкууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ErkinOkenovich
2021-08-18 21:51:17
Алла ыраазы болсун
+2
Apyn8793
2021-08-18 22:19:19
Элдерге жетсе эле болду, талибандарга таланды болбой.
+1
Aimani
2021-08-19 00:31:59
Памирдеги кыргыз туугандар га жеткирсе жакшы болот эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан