
Ооганстандын президенти
Ашраф Гани каякта экени белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ооганстандын президенти Ашраф Гани үй-бүлөсү менен кошо Бириккен Араб Эмираттарында баш калкалоодо. Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалгандай, Ооганстандын башчысы жана анын үй-бүлөсү аталган өлкөдө "гуманитардык себептер менен" кабыл алынды.