Ооганстандын президенти Ашраф Гани ооган элине кайрылуу жасап, ал тургай жакын арада өлкөгө кайтып барарын убада кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ашраф Гани өзүнүн кайрылуусунда Бириккен Араб Эмираттарында экенин тастыктады. Ал Ооганстандан кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Мамлекет башчысы жакын арада өлкөгө кайтып келүүгө убада берген.
"Мен Кабулда орун алган окуянын чоо-жайын кийинчерээк айтып берем. Мен Ооганстандан чыгууга аргасыз болдум. Себеби кан төгүү орун алышын каалаган жокмун", - деген ал өз кайрылуусунда.