Биз социалдык тармакта

Мэрия: "Бишкекте дагы 47 откана жылытуу мезгилине даяр"

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүү, бардык отканаларда оңдоо иштерин өткөрүү улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 66 откананын дагы 47си толугу менен даяр.

Казандар тазаланып, оңдолду, насостор, клапандар, электр жабдуулары, автоматташтыруу приборлору жана косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Кызматкерлер ар кандай диаметрдеги 1422 метр жылуулук түйүндөрүн алмаштырышты.

Отканалардагы бардык жумуштар бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын тыкыр көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан