Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул туууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, документтерди кабыл алуу 18-августта саат 18:00дө жыйынтыкталды. Үч шаарда мэрди шайлоо 26-августка белгиленген.
Бишкек шаарына Айбек Жунушалиев, Ош шаарына Алмаз Мамбетов, Токмок шаарына Урматбек Самаев жана Азат Кубатбек уулу ат салышууда.