"Көптөп сабап, Гүлчө дарыясына ыргытып жиберишкен". Алайда өлтүрүлгөн милиция кызматкеринин иши сотко жөнөтүлдү

Буга чейин Ош облусунун Алай районунда милиция кызматкери киши колдуу болуп өлтүрүлүп, Гүлчө дарыясына ыргытып жиберишкени маалым болгон. Окуя 2021-жылдын 28-январь күнү болгон. Иш бүгүн, 19-августта Ош шаардык сотуна жөнөтүлөт.

SUPER.KG порталына Ош облустук сотунун маалымат кызматынан билдиргендей, алгач иш тергелип бүтүп Алай райондук сотуна жиберилген.

"Каза болгон милиция кызматкеринин туугандары, тагыраагы жабырлануучулар Өзгөн районунда жашаганына байланыштуу Алайга жол алыс болуп калат деп ишти Ош шаардык соту кароосу тууралуу өтүнүч келтиришкен. Натыйжада алардын өтүнүчү канааттандырылды", - деп билдиришти аталган соттон.

Окуянын чоо-жайы:

Каза болгон кызматкер 2021-жылдын 28-январь күнү эртең менен жумушка келбей калган. Андан соң анын жансыз денеси табылган.

Маркум 27-январь күнү саат 21:00гө чейин жумушта болуп, андан соң үйүнө кеткен. Алгачкы тергөөдө маркум жумуштан кийин жакын мамиледе болгон балдар менен жакын санаалаш досунун туулган күнүн белгилеп отурушкан. Ал жерде спирттик ичимдик ичишип, мас абалдагы достор сөз талашып мушташа кетишкен, натыйжада көптөп милиция кызматкери Нурланбек Эркуловду сабап салышкан.

Ал алган жараатынан улам окуя болгон жерден каза болуп калган, буга байланыштуу кылмыш ишин жашыруу максатында шектүүлөр маркумдун денесин унаага салып барып, сууга агызып жиберишкен. Окуя болжол менен түнкү саат 03:30дан 05:30 чамасында болгон.

Кылмыш изи сууй электе шектүү катары 3 жаран кармалып, камакка алынган. Көп өтпөй SUPER.KG порталына маркумдун бир тууганы Элмурат Эркулов окуянын чоо-жайын айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан