Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Ганинин абалы начарлап ооруканага түшкөнү айтылды

Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Гани Абу-Дабидеги ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министринин мурдагы кеңешчиси Фахриддин Гаризаде билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Абу-Дабиде жүргөн мурдагы өлкө башчы Ашраф Ганинин ден соолугу кескин начарлап кеткендиги тууралуу маалыматтар келди. Бир катар дипломатиялык булактардын айтымында, бир канча саат мурун ооруканалардын бирине дарылануу үчүн жөнөтүлгөн", - деп билдирген экс-кеңешчи.

Эске салсак, Ашраф Гани 15-август күнү түштөн кийин "Талибандар" Кабулга киргенде президенттик кызматынан баш тартканын жарыялап өлкөдөн чыгып кеткен.

Кийин ал үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде экендиги белгилүү болгон. Ошондой эле бул маалыматты аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги да тастыктаган.

Ашраф Гани Ооганстанды 2014-жылдан бери башкарып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан