Уфа: Калмира Билимбек кызы жарым финалда атаандашын жамбашка алып чаап, Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты (видео)

Кыргыз балбан кызы Калмира Билимбек кызы Орусиянын Уфа шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.

Дүйнө чемпиондугуна ал 55 килограмм салмакта катышып, алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, эки атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда Калмира Билимбек кызы орусиялык Анастасия Яндушкина аттуу балбан кыз менен кез келди. Беттештин биринчи бөлүгүндө эле кыргыз балбаны атаандашын жамбаш ыкмасы менен көтөрүп чаап, далысын жерге басып таза жеңишке жетти.

Муну менен кыргыз балбаны финалга чыкты. Финалда ал беларустук Алеся Гетманова менен күрөшөт. Финалдык беттеш бүгүн, 19-августта Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alia82
2021-08-19 10:15:11
Азамат! Ийгилик каалайбыз!!!
+1
Aza2100
2021-08-19 10:26:08
Азамат карындашым, дүйнө чемпиондугун багынта бер
+1
Bak.taalai
2021-08-19 11:13:31
Молодец Калмира сени менен сыймыктанабыз. Прямой эфирди кордук Били байке атан тренерин кандай колдоп турду. Жамбаш деп кыйкырды эле жамбашка салсан Яндушкина тушунбой эле калды
0
ayzhan12
2021-08-19 11:28:45
Калмира азаматсын. Сага чексиз мактоолор болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан