Бишкекте орус тилдүү жаш жазуучулардын фестивалы өтөт
Бишкекте 19-ноябрдан 23-ноябрга чейин Кыргызстандагы орус
тилдүү жаш жазуучулардын фестивалы өтөт. Иш-чара Москвадагы Социалдык-экономикалык
жана интеллектуалдык программалар фонду, Кыргызстандагы орус кызматташтыгынын
өкүлчүлүгү, “Гармония” орус маданият борбору, москвалык “Эл биримдиги” адабий
журналы, “Адабий Кыргызстан” жана “Жаңы Ала-Тоо” адабий журналдарынын колдоосу
менен уюштурулууда. Фестивалдын алкагында жөнөтүлгөн чыгармаларды талкуулоо,
тегерек стол, азыркы адабияттагы актуалдуу маселелер, Орусия жана
Кыргызстандагы жазуучулардын чыгармачыл жолугушуулары өткөрүлөт. Мыкты деп
табылган чыгармалар орусиялык журналдарга басып чыгарууга жиберилип, Орусиядагы
китепканаларга таратылуучу “Каталог-2014” жыйнагына киргизилет.