Голливуд жылдызы Скарлетт Йоханссон экинчи наристесин жарык дүйнөгө алып келди

Голливуд актрисасы Скарлетт Йоханссон жолдошу куудул жана алып баруучу Колин Жост менен уулдуу болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Ооба, балалуу болдук. Анын аты Космо. Биз аны абдан жакшы көрөбүз", - деп жазган Жост Инстаграм баракчасына.

Йоханссон менен Жост коомчулукка сүйүү романы тууралуу маалыматты 2017-жылы ырасташкан.

"Өч алуучулар" тасмасынын жылдызы үчүн бул үчүнчү нике. 2008-2011-жылдары Йоханссон актёр Райан Рейнольдс менен бир үй-бүлө эле. Кийинчерээк ал француз журналисти Ромен Дориакка турмушка чыгып, андан Роуз Дороти аттуу кыздуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан