Нарын облусунда жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун, тагыраагы Ат-Башы районунда Ford Mondeo унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 35 жаштагы киши каза болуп, 2 адам (1985-жылы жана 1986-жылы туулган) ар кандай жаракаттарды алышкан.
Жерине ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Ат-Башы райондук ооруканага жеткирилген.