"Экинчи үйүндөй болушу керек". "Кумтөрдө" эмгек жана жашоо шарттары жакшыртылууда

"Кумтөр Голд Компани" кызматкерлердин эмгек жана жашоо шарттарын жакшыртууда. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Ага ылайык, убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк технологиялар жагынан болобу, өндүрүштүк коопсуздук болобу, эмгек шарттары жана кызматкерлердин иштөөсү менен жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болобу, бардык жагынан "Кумтөр" Кыргыз өлкөсүндөгү башка кен казып алуучу компанияларына өрнөк болууга тийиш деген тапшырма койгон.

"Кумтөрдө" арктикалык бийик тоолуу шарттарда, кайраты күчтүү адамдар иштейт. Вахта эки жума созулат. Бир убакта кендин лагеринде эки миңге жакын адам жашайт. Кызматкерлердин бир бөлүгү компанияда көп жылдан бери иштеп келет, ал эми кимдир-бирөө чоң эмгек жамаатка жакында эле кошулду.

"Ишкананын башкы байлыгы – бул анын адам ресурсу. Эгерде кызматкер жашоосунун жарымынан көбүн жумушта өткөрсө, андай жерге кайтып келгиси келген, кесиптештерин көргөнгө кубанган, ишкердик жана достук атмосферасы ээлеген жер болуп анын экинчи үйүндөй болушу керек – ошондо гана компания өнүгөт жана өсөт", – деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Ал эми "Кумтөр" кенинин тамак-аш уюштуруу боюнча координатору Сарман Шамбеталиев төмөндөгүдөй деп белгиледи: "Эгерде мурун азык-түлүктөрдү үнөмдөө артыкчылыкка ээ болсо, ал эми убактылуу тышкы башкаруу киргенден бери бизде бир кыйла нерсе алмашты. Биз иштеп жүргөн техникага 25 жыл болуптур, бирок азыр жаңы заманбап ашкана жабдууларына буйрутма бердик, жана ошондой эле жогорку сапаттагы тамак-аш азыктары келе баштады".

Азыркы учурда имараттардын редизайны жана оңдоп-түзөө иштери, бийик тоолуу лагердин эмеректерин алмаштыруусу пландалууда. Жумушчулардын тамактануусу жакшыртылды: менюга биринчи жана экинчи тамактын бир нече түрү, ар кандай салаттар, мөмө-жемиш жана ширелер кошулду. Компаниянын тарыхында биринчи жолу кызматкерлердин тамак-ашы даамдуу гана эмес, ошондой эле пайдалуу болуусун диетолог көзөмөлдөйт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal3
2021-08-19 13:38:46
Кумторду жаап салуу керек..........
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан