Бүгүн, 19-августта Орусиянын Уфа шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 5 кыргыз балбан кызы килем үстүнө чыгат.
Бүгүнкү мелдеште 4 балбан кыз, тагыраагы Сезим Жуманазарова, Нурзат Нуртаева, Дилназ Сазанова жана Айжан Сабырбек кызы алгачкы беттештерин өткөрсө, 55 килограмм салмакта Калмира Билимбек кызы финалда күрөшөт.
Айта кетсек, Сезим Жуманазарова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында коло байге уткан Мээрим Жуманазарованын бир тууган сиңдиси. Ал 57 килограмм салмакта беттешке чыгат.
Буг чейин Сезим Жуманазарова SUPER.KG порталына эжеси Мээрим Жуманазарованын Олимпиадада коло медаль утканы аны шыктандырганын, 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага эжеси менен чогуу барууга болгон күчүн жумшай тургандыгын айткан.