Ысык-Көлдө тургундарды 2 миллион сомго алдаганга шектүү жаран качып бара жаткан жеринен аэропорттон кармалды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жергиликтүү тургундарды 2 миллиондон ашык сомго алдап кетүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Жети-Өгүз РИИБине Барскоон айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда август айынын баш ченинде Али аттуу жаран арыз ээсинен 29 миӊ сомго бааланган 575 килограмм өрүгүн алып, бир жуманын ичинде төлөп берем деп убада кылып төлөбөй кетип калганын жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Издөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал Орусиянын 40 жаштагы М.М. аттуу жараны болуп чыккан. Мындан тышкары милиция кызматкерлерине шектүү жаран жакынкы арада Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан чыгып кетүүгө даярданып жатканы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Буга байланыштуу тергөө кызматы тарабынан "Манас" эл аралык аэропортуна жана чек ара кызматына аны чыгарбоо боюнча атайын билдирме жиберилген.

Көп узабай шектүү жаран өлкө аймагынан учуп кеткени жатканда, аэропорттун кызматкерлери тарабынан кармалып, Жети-Өгүз РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп берилген", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү жаран алдамчылыктын дагы 60 учуруна тиешеси бар экендиги аныкталып, райондун жергиликтүү тургундарына 2 миллион 300 миӊ сом зыян келтиргени белгилүү болгон. Шектүү жаран Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан