Чычкан суусуна агып кеткен 61 жаштагы аял 19 күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-август күнү Токтогул районунда 1960-жылы туулган аял Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Издөө иштери 6-августка чейин жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 19-августта жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө саат 07:40та Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 20 куткаруучу тартылган.