Өлкө Кубогу: Баткен облусу финалдык беттешти кабыл алышы мүмкүн

2021-жылы Баткен футбол ассоциациясы Кыргыз футболдук союзуна жана Кыргыз Премьер-Лигасына Баткен шаарында өлкө Кубогунун финалын өткөрүү боюнча сунушун билдирген. Баткен шаары финалды өткөрө турган талапкер шаарлардын катарына кирген.

10-августта Кыргыз футболдук союзу жана Кыргыз Премьер-Лигасынын өкүлдөрүнөн турган финалдык беттештин уюштуруучу комитети жумуш сапары менен стадионду жана командалар жашаган жайларды минималдык талаптарга жооп бергидей болуусу үчүн инспекция жүргүзгөн.

Инспекциянын жүрүшүндө инфраструктуралар боюнча бир катар суроолор жаралган. Жыйынтыгында 31-августка чейин тиешелүү объекттерди талапка келтирүү үчүн убакыт берилген. Бул чечим Баткен футбол ассоциациясынын, облус жана шаар администрациясынын жетекчиликтерине жеткирилген.

"Өлкөбүздө футболду канчалык жакшы көрүшөрүн билебиз жана футболду жайылтуу үчүн гана эмес, жаштарды спортко үндөө үчүн ири мелдештерди ар аймактарда өткөрүүгө аракет кылабыз. Кыргыз өлкөсүнүн ар бурчунда футбол сүйүүчүлөрү оюнду өз көзү менен көрсүн дейбиз. Баткенди өлкөнүн ири мелдешинин финалын тосуп алуусун ар тараптан колдойбуз. Бул тарыхый учур болушу мүмкүн. Бирок бул тиешелүү талаптар аткарылгандан кийин мүмкүн болот", - деп белгиледи башкы катчынын милдетин аткаруучу Дастанбек Конокбаев.

Талаптар аткарылбай калса, Кыргыз футболдук союзу жана Кыргыз Премьер-Лигасы футбол боюнча өлкө Кубогунун финалдык беттешин өткөрө турган жерди чечүүнү өз жоопкерчилигине калтырат.

Кечээ, 18-августта жарым финалдык беттештердин жооптук оюндары өтүп, анда бишкектик "Алга" командасы "Дордойду" жеңип финалга чыкса, "Нефтчи" жарым финалда Оштун "Алай" командасын жеңип финалга чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан