24-августта Токио шаарында өтүүчү XVI Паралимпиада оюндарына катыша турган Кыргыз курамасынын эки спортчусу толугу менен Паралимпиада оюндарына даяр. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
"Азыркы учурда интернет айдыңында "Хайитхон Хусан кызынын спорттук кимоносуна каражат жетпей жатат, каражат чогулталы" деген чакыруулар жарыяланып жатат. Аталган маселе чечилген. Кимоно үчүн каражат табылган. Биздин спортчуларга ийгиликтерди каалайбыз", - деп билдиришти агенттиктен.
Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына эки спортчу, тагыраагы ядро түртүү боюнча Арстанбек Базаркулов жана пара-дзюдо боюнча 57 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы катышат.