Бүгүн, 19-августта Бишкек шаарындагы АКШнын элчилигинин алдына ооганстандыктар митингге чыгышты.
Митингге болжол менен 50дөй адам чыгып, алар Кыргыз өлкөсүнөн документ берүүсүн, болбосо АКШ же Канадага кетирүүнү талап кылышууда. Азырынча элчиликтен эч ким чыгып жооп бере элек. Тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.
Митингге чыккандар элчиликтен жооп алмайынча кетпей тургандыгын айтышты.