Абайлаңыз сүрөт! Милиция жансыз дененин аты-жөнүн аныктоого коомчулуктан жардам сурайт

Чүй облусунун Панфилов районунда белгисиз жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Панфилов РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-август күнү Панфилов райондук милициясына Кайыңды айылындагы көлмөдөн болжол менен жашы 40-45 жаштагы кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

"Маркумдун үстүндө көк түстөгү футболка, жашыл түстөгү чолок шым кийип жүргөн. Бою 175 сантиметр, арык чырай, чачы кара түстө", - деп айтылат маалыматта.

Милиция каза болгон жарандын аты-жөнү такталбай жатканына байланыштуу коомчулуктан жардам сурайт. Кандайдыр маалымат же аны тааныгандар болсо, төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуну суранат: 0557 080 387, 0702 317 522.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан