Илон Маск бир күндө 7 миллиард долларга чыгаша болду

“SpaceX” жана “Tesla” компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын кирешеси бир күн ичинде дээрлик 7 миллиард долларга азайды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, “Tesla” электро унаасы катышкан жол кырсыгынан улам кеминде 17 адам жарадар болуп, 1 адам каза тапкан. Бул боюнча тиешелүү органдар иликтөө жүргүзгөн. Маселен, тергөө жөнүндө маалымат тарагандан кийин “Тесла” компаниясынын акциялары 4,32 пайызга арзандап кеткен. Ал эми Илон Маск кырсык болгон учурда унаа автопилот режиминде болгон эмес деп билдирген.

Белгилей кетсек, компания 2014-2018-жылдар аралыгында “Тесла” электро унаасынын болжолдуу түрдө 765 миң түрүн чыгарган. Дүйнө жүзүндө Бернар Арно 194 миллиард 7 миллион долларлык байлыгы менен биринчи орунду, Жефф Безос экинчи орунду ээлесе, ал эми Илон Маск 179 миллард 9 миллион долларлык байлыгы менен үчүнчү орунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KG-312
2021-08-19 18:00:38
Эмне болуптур арзандаса? Биз баарибир эмеспи.
+2
Ela93
2021-08-19 18:09:40
Мындайды чыгаша болду дебейт, компаниянын акциялары арзандап кетти деп койот..
+7
Asmat84
2021-08-19 18:24:43
Биздин отуз жылдык ойлондурган карызыбызды элдер бир күндө жок кылып коёт го аа
+8
Rifle_I
2021-08-19 19:13:46
Бизнесте тууганчылык, тааныш билиш жок жалаң гана билимдүү адистер болсо мындай чыгаша деңиздеги тамчы сыяктуу.
Бул Илон Маск үчүн эч нерсе эмес, болгону акция арзандап, кымбаттап турат.
+4
bratanyn
2021-08-20 07:05:37
Биздин карызды төлөп 120 койду айдап кетсе жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан