Шаардык транспорт башкармалыгы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы жайгашкан Лев Толстой көчөсү менен №2 автобус каттамын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жугуштуу ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптарга туугандары үчүн жетүү кыйын болгондуктан шаардык транспорт башкармалыгы №2 автобустун каттамын иштеп чыккан. Автобус "Чыгыш автобекети - жугуштуу оорулар ооруканасы" маршруту боюнча айланма каттайт.
"Урматтуу жарандар, коомдук транспортто баратканда бет кап тагынууну, антисептикти колдонууну жана иммундук системаңызды чыңдоону, эмдөөдөн өтүүнү унутпаңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз", - деп айтылат маалыматта.