Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель АКШ өлкөсү акыркы 20 жыл ичинде Ооганстанга күн сайын 300 миллион доллар коротконун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-августта Европарламент комитетинин жыйынында билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, акыркы 20 жыл аралыгында АКШ Ооганстанга жалпысынан 2,1 триллион доллар сарптаган. Жозеп Боррель Ооганстандагы учурдагы абалды европалык чалгынчылар көрө билбеген апаат деп атаган.
Ошондой эле Боррель Кабулдагы Европа өкүлчүлүгүнүн 106 кызматкери Ооганстандан Мадридге алып келингенин кошумчалаган.