Орусиянын Уфа шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна 57 килограмм салмакта катышкан Сезим Жуманазарова чейрек финалда италиялык балбан кызга 1:2 эсебинде жеңилип калды.
Сезим Жуманазарова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда швециялык Анна Регина Флоретин аттуу балбан кызды 4:4 эсебинде жеңип алган.
Ал эми турнирге 53 килограмм салмакта катышкан Айжан Сабырбек кызы эки атаандашын жеңип, Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.