Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө алынбаган жалгыз аймак - Панжшер провинциясын кармап турган оогандык жоокерлер талиб согушкерлерине каршы курал-жарак жана согуштук техника жактан жардам сурап батыш өлкөлөрүнө кайрылышты. Бул тууралуу аймактагы аскерлердин лидери Ахмад Масуддун билдирүүсүндө айтканын чет элдик маалымат булактары жарыялады.
"АКШ жана анын союздаштары "согуш майданын" таштап кетишти. Бирок Америка дагы да демократиянын улуу арсеналы боло алат. Мына ушул максатта мен Ооганстандын батыштагы досторунан бизге кошулууларын суранам", - деп билдирген Ахмад Масуд.
Ошондой эле анын өтүнүчүнө Ооган армиясынын жоокерлери жооп берип, учурда курал-жарак, техника жана аскердик топ менен Панжшер аймагына келе жатышканын белгилеген.
"Эмне болсо дагы мен жана менин жоокерлерим Панджшерди Ооганстан эркиндигинин акыркы таянычы катары коргойбуз. Биздин согуштук эркибиз ошол бойдон. Өз тажрыйбабыздан улам бизди эмне күтүп турганын да жакшы билебиз. Ошентсе да бизге көбүрөөк техника, курал-жарак жана ок-дары керек", - деп кошумчалаган ал.
Буга чейин талибдерге багынып берүүдөн баш тарткан Ооган армиясынын жоокерлери жана маршал Абдул-Рашид Дустумдун куралдуу отряды 10 миң аскери менен Панжшерди коргоого багыт алганы кабарланган.
Ошондой эле 17-августта Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех ооган Конституциясына таянып, өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялап, элин талибдерге каршы күрөшүүгө чакырганы маалымдалган.
Ал эми андан бир күн өтпөй Салехтин куралдуу күчтөрү 14-августта "Талибан" кыймылы басып алган Парван провинциясындагы Чарикар районун кайрадан бошотушканы айтылган.
Белгилей кетсек, 140 миң калкы бар Панжшер аймагы Ооганстандын 34 провинциясынын бири болуп саналат. АКШ баштаган НАТО аскерлеринин негизги күчтөрү дал ушул провинцияда орун алган. "Талибан" кыймылы мындан 25 жыл мурда, тагыраагы, Ооганстанды башкарып турган 1996-жылдары да бул провинцияны ала алышкан эмес.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.