UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов 2018-жылы ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду муунтуп уткан жеңишин эскерди.
"Силер ошондо эмне болгонун көргөнсүңөр. Беттештин калысы болбогондо эмне болуп кетмек эле билбейм. Мындай ыкма учурунда адам өлүп калышы мүмкүн. Мен силерди ушул ыкмага салып көрсөм болот, ошондо эмне жөнүндө айтып жатканымды түшүнөсүңөр", - деди Хабиб Нурмагомедов Москвада өткөн маалымат жыйында.
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор 2018-жылдын 6-октябрында "UFC 229" турниринде беттешкен. Анда Хабиб Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп алган.