Мындан 1 ай мурун майыптар коляскасы менен сапарга чыккан орусиялык марафончу Виктор Сибирин максатына жетүүгө аз калганын Инстаграм баракчасы аркылуу кабарлады.
Виктор Сибирин Орусиянын Ачинск шаарынын жашоочусу. Кырсыктан улам омурткалары жабыркап, биринчи топтогу майып болуп калган. Буга карабастан ал саякаттоону сүйгөндөрдүн бири. Мындан 1 айдан ашык убакыт мурда, тагыраагы, 13-июль күнү өзү жашаган Ачинск шаарынан Байкал көлүнө майыптар коляскасы менен жетүүнү көздөп, саякатка чыккан. 1418 чакырым аралыкты басып өтүүдө марафончу жанына болгону чатыр, төшөк, кийим, тамак жана суу алган.
Ал ошондой эле сапарда кездешкен кызыктардын баарын сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу катталуучуларына бөлүшүп турган. Ал эми 18-августта ал Байкал көлүнөн 393 чакырым алыстыкта жайгашкан Иркутск облусуна жеткенин билдирип сүрөтү менен бөлүшкөн.
Виктор Сибирин бул саякатында күнүнө 30 чакырым жол жүргөн.
Ал 2018-жылы өткөн бүткүл Орусия боюнча майыптар арабасы жарышында жеңүүчү аталган.