Британиянын жараны Кристин Смит сүйүктүүсүнөн баш кошуу сунушун уккандан кийин жандандыруу бөлүмүнөн ойгонгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 36 жаштагы Кристин Смит июль айында COVID-19 илдетине чалдыгып ооруканага түшкөн. Ак халатчандар анын жашап кетерине ишенбей жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан. Ошондой эле кыздын ата-энесине бардык кырдаалга даяр болуусун айтышкан. Смиттин абалы начарлап кеткендиктен дарыгерлер анын сүйүктүүсү Маркты ооруканага чакырышкан. Ал Смитти сакайып кетет деген ишенимин жоготкон эмес. Акыры Марк баш кошууну сунуштаганда кыз кокустан ойгонуп кеткен.
“Мени бардык дарыгерлер ооруканадан кол чаап узатышты. Бул чындыгында аябагандай эмоционалдуу болду. Андан соң Марк колумду сурады. Ал мени жоготуп алуудан коркчу. Биз жакынкы күндөргө үйлөнүү тоюн белгилеп жатабыз”, - деп билдирген Кристин Смит.