Баткен облусунун Айдаркен шаарында телефон уурдоого шектүүлөр кылмыш изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-августка караган түнү саат 02.58 чамаларында Айдаркен шаарынын "Сотовый телефон" аталышындагы дүкөндүн терезесин сындырып кирип, жалпы баасы 250 миң сом болгон сатыкта турган 16 даана ар түрдүү үлгүдөгү телефондорду жана кассада турган 60 миң сом акчасын белгисиз жарандан бет капчан кирип уурдап кетишкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси "уурулук" менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уурдалган телефондорду Ош шаарында сатууга аракет кылып жүргөн Айдаркен шаарынын 19 жаштагы тургуну, Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Коргон айылынын 18 жаштагы жашоочусу жана Ормош айылынын 20 жаштагы тургуну кармалышкан. Уурдалган телефондор далил буюм катары алынып, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан.