
Нарын облусунун Учкун айылында 30-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштерине куткаруучулар тартылды. Алар дайыны жок болуп жаткан жаранды туугандарынын суранычы менен 16-августта Нарын дарыясынан издөө иштерин баштаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн, 19-августта дайыны билинбей жаткан 39 жаштагы жарандын туугандарынын макулдугунун негизинде издөө иштери убактылуу токтотулду.
Эске салсак, 1982-жылы туулган А.Э. аттуу эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Дайынсыз болгон жарандын жакын туугандары куткаруучуларга кайрылып, Нарын дарыясынан издеп берүүнү суранышкан.