Дүйнө чемпиондугу: Калмира Билимбек кызы күмүш медалга ээ болду

Орусиянын Уфа шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна 55 килограмм салмак ченинде катышкан Калмира Билимбек кызы күмүш медалга ээ болду.

Калмира Билимбек кызы финалдык беттеште беларустук Алеся Гетманова менен кез келди. Тилекке каршы, атаандашына 7:6 эсебинде жеңилип, экинчи орунду камсыздады. Муну менен ал Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына күмүш медаль алып келди.

Айта кетсек, Калмира Билимбек кызы жарым финалда орусиялык Анастасия Яндушкин аттуу балбан менен кез келип 5:0 эсеби менен жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaraisyn
2021-08-19 20:49:13
Азаматсың ийгилик
+3
mr.ulan89
2021-08-19 22:55:22
Кыргызымдын жана Акталаанын мыкты кызы келечекте Олимпиадага катышып алтын медаль утуп кел ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан