Орусиядагы мигранттар мындан ары акча которууларга салык төлөөгө милдеттендирилет

Орусиядагы мигранттар мындан ары акча которууларга салык төлөөгө милдеттүү болушат. Бул тууралуу "Адилеттүү Орусия" фракциясынын башчысы Сергей Миронов билдиргенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Сергей Мироновдун айтымына караганда, Орусиядан жыл сайын Орусиянын жарандары таба турган жүздөгөн миллиарддаган рублдар сыртка чыгат. Ал эми Орусия мигранттар тапкан каражаттан да, бул акчаны чет өлкөгө которуудан да эч нерсе албайт.
Ал кошумчалагандай, фракция Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдоого ниеттенип жатат, ал чет өлкөгө которууларга салыктын киргизилишин камсыздайт жана мындай которуулардын дээрлик 90 пайызы КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлөрүн эске салды.
"Натыйжада Орусиядан биздин мекендештерибиз иштеп таап, өлкөнүн ичинде корото турган жүздөгөн миллиард рубль Орусиядан эркин агып жатат", - деп түшүндүргөн ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Kyrgyz_bloger
2021-08-19 21:42:10
Мигранттарга эле асылып калышты,Америка орустардын мигранттарын да ушундай кылып сыкса абдан суйунот элем да.
+12
Gulina90
2021-08-19 21:46:26
Өзү копейкага иштесек,анан банкка процент толосок,андан сырткары салык толосок оллуго,жыга чаап ташташ кк ушуну.
+10
modem4999
2021-08-19 21:52:40
Ага деле макул болобуз да , выход жок да бизде башка.
+1
Sajakat14
2021-08-19 23:25:43
modem4999,тил үйрөнсөңөр мыйзам иштеген, өнүккөн мамлекеттерде иштесеңер болот.
+6
Pankration_MMA
2021-08-19 21:54:35
Өзүңөрдүн туулаган эле балаңар алкаш, наркоман, туулган эле кызыңар проситутка, алкаш болуп атса, анан өз жарандаыңардан ким иштемек эле Россияда?
+3
Jaraisyn
2021-08-19 22:03:57
Жоок антпегиле буга Садыр күнөөлүү. Садыр кылды дешке айлаңар калбаса эмне деп чыгасыңар ага да жооп даяр силерде. Садыр келди кара жол да ушундай болуп атат деп. Эч ким чет жердин мыйзамын сыйлабай, акча тапса көөп кеткен миграцияда жүргөн айрым көпмөлөргө күеөө койбойт. А десе эле мигрант, кыйналып атат дейсиңер. Чет жерде ырыскың байланып иштеп атасыңбы кыса турган жерди кысып жүрүш керек. Өзүбүзчү калькулятор менен башка чаап ийебиз көөп. Орустар биздей болгондо өлтүрүп эле салмак экен.
-7
modem4999
2021-08-19 23:02:29
Садыр алып келет деп атпадынар чыдай тургула
0
nazira...
2021-08-19 23:03:35
Мигрант дегенде, пропискасы жок адамдардан налог алабы ошондо. А пропискасы барларга салбайбы, түшунбөдум. Азыр көпчүлүгү россиянын гражданини болуп алышты го.
-2
Apyn8793
2021-08-19 23:18:01
Карсылдатып жей берет. Конулунорго албагыла.
+1
Sajakat14
2021-08-19 23:27:44
Ушинтип мигранттарга асыла берип баары Орусиянын жарандыгын алып алышпай болушту!
+4
Antiradikal3
2021-08-20 00:04:25
Эгер ушул мыйзам кабыл алынуучу болсо Кыргызстан бийлиги биринчиден ЕАЭСтен чыксын. Экинчиден орус тилинен расмий тил статусун алып салсын!!! Эгер Оруссия бир тараптуу озгортуу киргизе берсе, анда ЕАЭБдин эмне кереги бар? Адашпасам ЕАЭБ эркин соода жугуртуу ж.б. маселелер боюнча бир канча олколордун бирикмеси. Анан Ррссия бир тараптуу чектоо киргизе берсе анда ЕАЭБдин кимге кереги бар?!!
+7
Antiradikal3
2021-08-20 00:08:34
Ансыз да 2-3 жылдан бери Кыргызстанга акча которууга лимит киргизишкен жунбаштар. Бул ЕАЭБ принциптерине каршы келет адашпасам.

Экинчиден Россияда иштеген ар бир мигрант салык толойт. Ар бир мигрант айлык алаарда алардын айлыгынын бир болугу подоходный налог болуп салык кызматына жана пенсионный фондго деп соц.фондуна кетет.

Учунчудон мигранттар ар акча которгондо банктар 1-2% комиссия кармап калат. Бекер акча которуунун озу жок.
+4
Antiradikal3
2021-08-20 00:13:52
Тортунчудон дуйнодо мындай практика жок. Которула турган акчадан комиссиядан тышкары салык кармалышы керек деген.

Биздин бийлик лохко окшобой мындай закон кабыл алынуучу болсо мен жогоруда айткандай ЕАЭБдин курамынан чыгуу керек.

Экинчиден Европа олколору, АКШ менен суйлошуулорду алып барсын Окмот, биздин мигранттарды женил шарттар менен оз олкосуно иштоого киргизуусу учун.....
+4
Pankration_MMA
2021-08-20 00:27:02
Эң жакшысы, тил үйрөнүп, кеткиле европа, акш, канада и араб эмираттарына.
+6
Egizderim-baktim
2021-08-20 02:27:38
Орустар иштеп таба турган акчаны мигранттар алып чыгып жатса, бизге окшоп тытынып куну тун иштегиле 15.16сааттап.2кун сменге судуролуп чыгышат, чарчадым деп 2кун олгудой ичип жатышат. Бизге окшоп эч бир орус иштебейт
+4
Mirnar
2021-08-20 09:24:46
Булардын мигранттардан башка проблемасы жокбу?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан