"Талибан" кыймылынын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид Фейсбук компаниясы тарабынан талибдердин аккаунттарына жана билдирүүлөрүнө адилетсиз мамиле кылынууда деп эсептейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал компанияны "сөз эркиндигин бузду жана кыймылдын тарапкерлеринин укуктарын бузду" деп айыптады.
Өткөн шейшемби күнү компаниянын өкүлдөрү "Талибан" террордук уюм катары санкцияга кабылган. Ошондой эле АКШнын мыйзамдарына ылайык, ага радикалдуу кыймылды колдоого байланыштуу контентти Фейсбук жана Инстаграм социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле Ватсап мессенжеринде жайгаштырууга тыюу салынган. Компания тыюу салынган постторду, иллюстрацияларды жана видеолорду көзөмөлдөп, керек болсо өчүрө турган атайын топ түзгөн.