Сентябрь айында футбол боюнча үч өлкөнүн катышуусунда эл аралык жолдоштук турнир өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-7-сентябарь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Палестина, Бангладеш жана Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командаларынын катышуусунда "Үч улут кубогу" аталышындагы эл аралык турнир өтөт. Аталган жолдоштук турнир "Азия Кубогу-2023" тандап алуу оюндарына даярдык көрүү максатында өткөрүлөт.
Турнирдин алкагындагы оюндардын тартиби төмөнкүчө:
2-сентябрь, Кыргыз өлкөсү - Палестина;
5-сентябрь, Палестина - Бангладеш;
7-сентябрь, Кыргыз өлкөсү - Бангладеш.
Оюндар кечки саат 08:30да башталат.
Ошондой эле Ковид-19 илдетинин жайылуусун алдын алуу максатында стадиондун жалпы сыйымдуулугунун 50 пайызына гана күйөрмандар киргизилет.
Ал эми билеттер 26-августтан баштап "Фрунзе" гипермаркеттеринде жана стадиондун кассасында сатылып баштайт. Билеттер боюнча сурап-билүү телефондору: +996 558 986 100
Ал эми конок секторуна билеттер боюнча маалыматты +996 705 348 806 номери аркылуу алса болот.