Футбол: "Көрүүчүлөр 50 пайыз". Бишкекте үч улуттук кураманын катышуусунда улут Кубогу ойнотулат

Сентябрь айында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо үч өлкөнүн катышуусунда улут Кубогу ойнотулат. Бул туууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

"2-7-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз өлкөсү, Палестина жана Бангладеш футбол боюнча улуттук курамалардын катышуусунда "Үч Улут Кубогу" аттуу эл аралык турнир өтөт.

Бул достук турнир Кыргыз улуттук курамасынын Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына болгон даярдыктын алкагында өтөт", - деп жазылат билдирүүдө.

Кубоктун алкагындагы оюндардын тартиби:

2-сентябрь:
Кыргыз Республикасы - Палестина;

5-сентябрь:
Палестина - Бангладеш;

7-сентябрь:
Кыргыз Республикасы - Бангладеш.

СOVID-19 инфекциясынын таралышын алдын алуу максатында стадионго 50 пайыз гана көрүүчүлөр киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан