"Баасы 2 миллион 300 миң сом". Баткенде контрабандалык жол менен өлкөгө алынып кирген 23 тонна күрүчтү ташып бара жаткан жаран кармалды

Баткен облусунда контрабандалык жол менен өлкөгө алынып кирген 23 тонна күрүчтү ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.

"М.А. уулу аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн кароодо лазер сортундагы ак күрүч товары табылган. Күрүчтүн жалпы салмагы 23 000 килограмм, ал эми наркы 2 миллион 300 миң сомду түздү. Товар Кыргыз өлкөсүнө чектеш мамлекеттен ЕАЭБдин мыйзамдарын бузуу менен ташылып киргизилген", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке жалпы суммасы 539 миң 350 сомду түзгөн материалдык зыяндын орду толтурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан