Илон Маск 2022-жылы чыга турган Tesla Bot роботун жарыялады

Tesla жана SpaceX компанияларынын башчысы Илон Маск прототиби 2022-жылы пайда болушу мүмкүн болгон Tesla Bot аталышындагы гуманоид (адам кейпиндеги) роботту жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Маск жарыялаган Tesla Bot роботунун узундугу 172 сантиметр, салмагы 57 килограмм болот. Жүзүнүн ордуна экран жайгаштырылат жана колу-буту 40 сервопривод аркылуу башкарылат.

Буга чейин Илон Маск Марс планетасына учуучу ракетанын прототибин сыноодон өткөргөн. Ал 150 метрге чейин учкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан